Радио

РКӨФ: улуттук валютада алынган насыялардын тобокелчилиги жок

Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт Курманбеков улуттук валютада алынган насыялардын тобокелчилиги байкалбагандыгын айтты.
Sputnik
АКШ доллары менен насыя алган ири, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү үчүн жеңилдиктер каралып, фонд арыздарды кабыл алууда. Кредиттерди төлөө мөөнөтүн 6 айдан 12 айга чейин жылдыруу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Бакыт Курманбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, РКӨФ тарабынан коюлган антикризистик чаралар ишкерлердин ишин бир топ жеңилдетип, азыркы абалдан чыгууга түрткү болот.
"Геосаясий абалга байланыштуу Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан антикризистик чаралардын пакети бекитилген. Ага байланыштуу ири ишканалардын ээлери бизге арыз менен кайрылып, жеңилдиктерди алып жатышат. Көбүнесе АКШ доллары менен насыя алган ири, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү кредитти төлөө мөөнөтүн 6 айдан 12 айга чейин жылдыра алышат. Учурда доллар менен алынган насыянын эквиваленти 30 миллионго жетет. Азыркы курс менен алганда 2,5 миллиард сомду түзөт. Ал эми улуттук валютада алынган насыялардын тобокелчилиги жок", — деди Курманбеков.
Ошондой эле адис Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду кыргызстандык ишкерлерге насыя түрүндө 413 миллион доллар бергендигин кошумчалады.