БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Баткендин Лейлек районунда Тажикстанга өсүмдүк майын ташып бара жаткандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, контрабандалык жүктү Максат — Жаштык унаа жолу аркылуу "Достук" каналынын жээги менен алып баратканда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулган. Анын айдоочусу 51 жаштагы Н.П. жана жүргүнчүсү 39 жаштагы И.М. экени аныкталган.
"Унаанын ичин текшергенде беш литрлик идиштеги 1500дөн ашуун өсүмдүк майы чыкты. Кармалган жарандар жүктү Кыргызстандан Тажикстанга мыйзамсыз түрдө алып чыгып сатууга аракет кылган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, контрабандалык жүктүн баасы 1 миллион сомдун тегерегинде", — деп айтылат маалымат.
Чек арачылар тийиштүү документтерди түзгөндөн кийин кармалган адамдарды жана өсүмдүк майын укук коргоо органдарына өткөрүп берген.