Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Песков Киевди Крым менен Донбасстын макамын таанууга чакырды

Песковдун айтымында, Батыш өлкөлөрү Киевге жеткирген курал-жарак Россияны токтотууга, Украинадагы өз максаттарына жетүүгө тоскоол боло албайт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Украина Крымдын жана Донбасстын статусу боюнча макулдугун бериши керек. Бул тууралуу Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун Франциянын LCI телеканалына берген маегине шилтеме кылып РИА Новости билдирди.
"Украина Крымдын жана эки эгемендүү республиканын макамына макул болушу керек, алардын макамы айдан ачык. Крым Россиянын бир бөлүгү", — деди Песков.
Анын айтымында, Батыш өлкөлөрү Киевге жеткирген курал-жарак Россияны токтотууга, Украинадагы өз максаттарына жетүүгө тоскоол боло албайт. Кремлдин өкүлү атайын операциянын башталышы жаңылыштык эмес экенин баса белгиледи.
Ал ошондой эле Бучадагы жалаа жабууну иликтөө зарыл жана маанилүү экенин, бирок чындап эле калыс жана көз карандысыз иликтөө болушу керектигин белгиледи.
Ал Киев жана Черниговдун айланасында Россия Федерациясынын аскердик активдүүлүгүн азайтуу чечими кайра Стамбулда жарыяланганын эске салды. Мындай чечим сүйлөшүү процессине тиешелүү шарттарды түзүү максатында кабыл алынган.
Песков дагы эмне деди:
Россиянын реалдуу дефолтко учурашына эч кандай негиз жок, бул жагдай Батыш тарабынан жасалма түрдө түзүлдү;
россиялык дипломаттарды өлкөдөн чыгаруу практикасы улана берсе Батыш өлкөлөрү менен дипломатиялык мамилелерин үзүшү мүмкүн;
АКШнын өзөктүк куралын Польшада жайгаштыруу Россия үчүн чоң коркунуч болмок.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Захарова: Бучадагы провокация — санкция жарыялоого шылтоо