БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Диетолог жана эндокринолог Полина Королева тез даярдалган кесмени көп колдонуу ден соолукка кандай коркунуч жаратарын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Медик бул азыкты таңгагы менен бышыруу өтө кооптуу экенин эскерткен.
"Желим таңгак (кесменин идиши) ысыганда андан токсин заттары бөлүнүп чыгып, ал залалдуу шишикти пайда кылышы ыктымал. Аталган азыкты чоң кишилер бир жумада бир жолу, балдар бир айда бир жолу гана жесе болот. Колдон келсе андан баш тартып койгон оң", — деген диетолог.
Эндокринолог кесмени айнек же керамика идишинде гана колдонуу керектигин белгилеген. Ичеги-карын оорулары, ашыкча салмак жана диабет менен жабыркагандар бул азыкты таптакыр жолотпошу керек.