Министр: балдардын мектепке милдеттүү түрдө 6 жашынан баруусун сунуштап жатабыз

Бейшеналиев бала бир жыл ашыкча окубай турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Баланын 1-класска 7 жашынан эмес, милдеттүү түрдө 6 жашынан баруусун демилгелеп жатабыз. Мында даярдоо классы (нөлүнчү) жоюларын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев соцтармактагы баракчасына жазды.
Министр бала жылдан утулбай турганын, бул дүйнөлүк стандарт экенин белгилеген.
Буга чейин Бейшеналиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып 12 жылдык билим боюнча кененирээк жооп берген.
"12 жылдык билим дегенди туура түшүндүрүп кетейин. Мында балдарды дагы бир жыл кошуп окутпайбыз. Бизде даярдоо (нөлүнчү) деген класс бар. Ошол класс 1-класс деп аталып, ошонун эсебинен 12 жылды түзүп калат. Биздин бүтүрүүчүлөр чет мамлекеттерге окууга барганда орто билими 11 жылдык экен деп же толуктатып окутушат, же министрликтен далилдеген документтерди талап кылышат. Ал эми дүйнөлүк стандарт боюнча окуучу 12 жыл билим алышы керек. Ошондой кыйынчылык болбош үчүн даярдоо классын 1-класска өзгөртүү демилгесин көтөрүп жатабыз. Бул — окуучулар чет мамлекетке окууга барганда дүйнөлүк рынокто өз ордун табыш үчүн жасалып жаткан аракет", — деген министр.
Ал эми Билим берүү министрлиги бакчага барган балдар 6 жашында даярдоо тайпасына барбастан дароо 1-класска барарын айтып, бирок программасы бакчадагыдай эле жеңил болорун белгиледи. Адистер алардын жаш курагына жараша өтө оор эмес программаларды иштеп чыгат.
Радио
Мурсаева: Бишкекте 1-класска электрондук каттоо 11-апрелде башталат