Башкы прокурор: мамлекетке келтирилген зыяндын 1,8 млрд. сому өндүрүлдү

Кылмышка айыпталгандар акчалай жана мүлк, буюм-тайым түрүндө мамлекетке кайтарган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Тергѳѳсү аяктаган кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы суммасы 2 миллиард 21 миллион 755 миң сомду түздү. Бул туурасында башкы прокурор Курманкул Зулушев парламентте билдирди.
Анын айтымында, азыркы тапта аталган кылмыш иштери боюнча 1 миллиард 851 миллион 964 миң сом өндүрүлгөн. Анын 1 миллиард 655 миллион 355 миң сому акчалай, ал эми 196 миллион 608 миң сом мүлк, буюм-тайым түрүндө кайтарылган.
Сегизбаев 4 млн. сом төлөп, тышка кетпөө шарты менен эркиндикке чыгарылды