Кыргызстандын WEF Global турнири Санкт-Петербургда өтөт

Эл аралык турнирге Россиянын жана Борбор Азиянын алдыңкы мушкерлери катышмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Кулатуу эр таймаш федерациясынын WEF Global эл аралык турнири Санкт-Петербург шаарында өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.
Мелдеш 10-апрель күнү "Юбилейный" спорт комплексинде болот. Ага Россиянын жана Борбор Азиянын алдыңкы мушкерлери катышмакчы.
Чемпиондук наам үчүн жеңил салмактагылар арасында Жыргалбек Эмилбеков менен Рамеш Морозов ат салышат.
WEF уюму Кыргызстанда аралаш мушташ боюнча мелдештерди өткөрүп келет. Мушкерлердин рейтингине жараша төрт серия менен уюштурат. Global — эң жогорку сериясы.
Экөө алтын. Боксчулар Сербиядан төрт медаль алып келди. Сүрөт