Доллар түштү, евро менен күйүүчү майдын баасы кандай? 7-апрелге маалымат

Sputnik Кыргызстан редакциясы Бишкекте алтын, күйүүчү май жана чет элдик валюталардын баасы кандай өзгөргөнүнө баам салып турат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр — Sputnik. Өткөн суткада доллар менен евронун курсу түштү, ал эми күйүүчү майдын баасы өзгөргөн жок.
Доллардын баасы кечээки күндүн бул маалына салыштырганда сатып алуу 4,18 сомго, сатуу 4,18 сомго ылдыйлады. Еврону сатып алуу 4,66 сомго, сатуу 5,66 сомго түштү.
Рублдин курсу бир аз төмөндөдү. Теңгеде көп деле өзгөрүү болгон жок. Күйүүчү майдын баасы мурдагысындай турат. Ал эми алтын куймаларын Улуттук банк эс алуу күндөрү сатпайт.
Улуттук банк доллар эмнеге кымбаттап жатканын түшүндүрдү