Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

БУУ РФтин Адам укуктары боюнча кеңешине катышуусун токтотту. КР каршы добуш берди

Москва дагы өз кезегинде уюмдун кеңешиндеги ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотконун билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы Россиянын БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине катышуусун токтотту. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Резолюцияга 93 мамлекет макулдугун берсе, 24ү каршы чыккан. Ал эми 58 өлкө добуш берүүдөн карманган. Демилгени колдобогон мамлекеттердин арасында Алжир, Беларусь, Боливия, Бурунди, Борбордук Африка Республикасы, Кытай, Конго, Куба, Түндүк Корея, Эритрея, Эфиопия, Габон, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Лаос, Мали, Никарагуа, Россия, Сирия, Тажикстан, Өзбекстан, Вьетнам, Зимбабве бар.
Ал эми ошол эле жыйында Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Геннадий Кузьмин РФ уюмдун Адам укуктары боюнча кеңешиндеги ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алганын билдирген.
Ал Москва Башкы ассамблеянын резолюциясын мыйзамсыз жана саясий жүйө менен жасалган кадам деп эсептей турганын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
БУУ Украинаны аскер туткундары тууралуу конвенцияны сактоого чакырды