Бишкекте беш мамлекеттин чек ара делегациялары жолукту. Эмне талкууланды

Кеңешменин жыйынтыгында протоколго кол коюлган. Андагы сунуштар 18-майда Түркстан шаарында талкууланмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Бишкекте бүгүн КМШга мүчө мамлекеттердин чек ара ведомстволорунун жетекчилеринин VI аймактык кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Аймактык форумга Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын чек ара мекемелеринин делегациялары жана Чек ара аскерлеринин командачылар кеңешинин координациялык кеңеши катышты.
1 / 3

Бишкекте бүгүн КМШга мүчө мамлекеттердин чек ара ведомстволорунун жетекчилеринин VI аймактык кеңешмеси болуп өттү.

2 / 3

Аймактык форумга Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын чек ара мекемелеринин делегациялары жана Чек ара аскерлеринин командачылар кеңешинин координациялык кеңеши катышты.

3 / 3

Жыйындын катышуучуларына учурашуу сөзү менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кайрылган.

Жыйындын катышуучуларына учурашуу сөзү менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кайрылган.
"Жолугушуунун жүрүшүндө Борбор Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин чек араларынын коопсуздугуна коркунуч туудурган негизги маселелер жана коркунучтар, афган тараптагы кырдаалдын өнүгүшү, ошондой эле чек ара коопсуздугун камсыздоо системасын биргеликте чыңдоо боюнча чаралар талкууланды", — деп жазылган маалыматта.
Кеңешменин жыйынтыгында протоколго кол коюлган. Андагы сунуштар 18-майда Түркстан шаарында өтө турган Чек ара аскерлеринин командачылар кеңешинин отурумунда талкууланат.
Кезектеги аймактык кеңешмени 2023-жылдын биринчи кварталында Казакстанда өткөрүү пландалды.
Казакстан 11-апрелден тарта чек арадагы чектөөлөрдү алат