БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Бишкекте батирлерди тоноого шектелип эки казакстандык киши кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, милицияга Т.В. аттуу аял арыз менен кайрылып, 1-март күнү белгисиз адамдар 10-кичи райондо жайгашкан батирин ачып кирип, жалпы 428 миң сомго бааланган акча каражаты менен зер буюмдарын алып кеткенин айткан.
Аталган фактыны Октябрь РИИБи Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("Уурулук") менен каттоого алган.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Казакстандын эки жараны — 39 жаштагы К.Р. менен 37 жаштагы Ш.Д. кармалган. Кийин Октябрь райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган.
"Шектүүлөрдүн жанынан далил катары кара түстөгү кол каптар, газ баллондор, эшикти ачкан шаймандар, ачкыч менен чиптердин түрү жана зер буюмдар алынган. Ошондой эле алардын ушул сыяктуу 13 кылмышка катышкандыгы аныкталды", — деп жазылган маалыматта.
Милиция шектүүлөрдөн жапа чеккендерди жана кандайдыр бир маалыматы барларды 0703 333 201 жана 102 номерлерине кабарлап коюуну өтүндү.