Улуттук банктын салмагы чоң алтын куймалары 70 млн. сомго чейин бааланат

Эң кичине куйма (12 килограмм салмак) 64,5 миллион сом турат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Улуттук банктын салмагы чоң алтын куймаларынын баасы 70 миллион сомго чейин жетет. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматына таянып, "Апенди бизнесмен" Telegram каналы жазды.
Бул — 6-апрелге карата баа. Эң кичине куйма (12 килограмм) 64,5 миллион сом турат. Эң чоң алтын куйма (13 килограмм) 70 миллион сомго бааланат.
Улуттук банк буга чейин 10,9 килограммдан 13,4 килограммга чейин алтын куймаларды сата баштаганын маалымдаган. Куйманын салмагынын 99,95 пайызын химиялык таза металл түзөт. Ошол эле учурда кайра сатып алуу каралган эмес. Алтындан жасалган аффинаждалган куймаларды реализациялоонун башкы максаты — баалуу металлдар менен операцияларды кеңейтүү. Бул Кыргызстанда баалуу металлдар рыногун өнүктүрүүгө багытталган.
Улуттук банк доллар эмнеге кымбаттап жатканын түшүндүрдү