Спортто иш билги адистерди даярдашыбыз керек. Жапаровдун куттуктоосу

Президент таланттуу спортчулардын катары арбып жаткан маалда инфраструктураны жакшыртууга да көңүл буруу кажет экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 6-апрель, дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
"Спорт кайсы жерде, кайсы учурда болбосун, улуту, дини жана саясий көз карашы ар башка болгон адамдардын жана сергек жашоону көздөгөндөрдүн башын бириктирип, эл достугун арттырат. Дегеле ден соолукка кам көрүп, машыгууну көндүмгө айлантуу баарыбызга күч-кубат, жарашыктуу келбет берип, сергек ой жүгүртүүгө өбөлгө болот. Адамдын эркин бүлөп, эр мүнөзүн калыптандырып, турмуштун ар кандай оош-кыйыштарына туруктуу болууга тарбиялайт", — деген Жапаров.
Ал өлкөнүн эл аралык коомчулуктагы, дүйнөлүк алкактагы аброюн көтөрүүдө спорт тармагынын ордун белгилеп өткөн. Спортчулар көптөгөн эл аралык мелдештерде, анын ичинде Азия, Олимпиада, Паралимпиада оюндарында мамлекетти татыктуу таанытып, кыргыз туусун бийик желбиретип келе жатканын эске салган.
"Мындай демдүү, күчтүү, таланттуу спортчуларыбыздын катары арбып жаткан маалда спорттук инфраструктураны жакшыртууга, жогорку квалификациялуу адистерди, насаатчыларды жана мугалимдерди даярдоого абдан көңүл буруубуз кажет. Жашына жана кесибине карабастан, ар бир адам сүйүктүү спорту менен машыгуусуна шарт түзүүбүз маанилүү. Анткени спорт алдыга койгон максаттарга өжөрлүк менен жетүүгө, кыйынчылыктарды жеңүүгө үйрөтөт", — деген өлкө башчы куттуктоосунда.
Президент көп сандаган атак-даңкка жеткен чемпиондор Олимпке карай жолун мектептеги спорт секцияларынан баштаганынын айтып, алардын ийгиликке жетишине машыктыруучулардын эмгеги чоң экенин белгилеген.
Жапаров дене тарбия жана спорт кызматкерлерине чың ден соолук, бакубат жашоо жана албан ийгиликтерди каалаган.
Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдык талкууланды