Владимир Жириновский көз жумду

Владимир Жириновский коронавирус илдетине кабылып, февраль айынын башында оор абалда ооруканага түшкөн. Ошондон бери жакшы боло албай жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Россиялык саясатчы Владимир Жириновский көз жумду. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин Telegram каналы аркылуу билдирди.
Советтик жана россиялык саясатчы Мамлекеттик Думадагы ЛДПР фракциясынын лидери болчу. Көзү тирүү болгондо 25-апрелде 76 жашка толмок.
Эске салсак, 25-мартта ЖМКларга Владимир Жириновскийдин каза тапканы тууралуу маалымат тараган. Бирок бул маалымат кайра эле төгүндөлгөн.
Владимир Жириновский коронавирус илдетине кабылып, февраль айынын башында оор абалда ооруканага түшкөн. Ошондон бери жакшы боло албай жаткан.