Улуттук банк валютанын курсу күндүн соңунда кантип аныкталарын түшүндүрдү

Адис валюта курсу банктар аралык соода системасындагы суроо-талап менен сунушка жараша аныкталарын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева валютанын курсу күндүн соңунда кантип аныкталарын Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде айтып берди.
Алгач ал чет элдик валюталардын курсунун кескин өзгөрүшүн жумшартуу боюнча кандай аракеттер болуп жатканын түшүндүрдү.
"Биз 30-мартта долларды сатып алуу боюнча көп жылдан берки биринчи интервенцияны жасадык. Бул кадам валютанын куну түшүп кеткендиктен, анын курсунун олку-солкулугун текшилөө жана рынокту турукташтыруу үчүн жасалган. Улуттук банк белгилүү бир суммада доллар сатып аларын жар салып, андан соң сатуучу тарап менен курсту аныктап, операция ишке ашырылды. Ошентип, суроо-талапты канааттандырып, рынокту турукташтырдык", — деди Карабаева.
Андан соң адис валюта курсу банктар аралык соода системасындагы суроо-талап менен сунушка жараша аныкталарын билдирди. Ошондой эле бир күн бою ишке ашкан келишимдерде колдонулган орточо курс күндүн аягында көрсөтүлүп, Улуттук банктын расмий курсу болуп каларын айтты.
Доллардын бүтүп бараткан доору. Юань башкы валютага айланабы?