Чаткалдын Терек-Сай айылындагы Перевальное, Терек жана Тереккандагы кендерде 36 тонна алтындын запасы бар. Бул тууралуу Карыбек Ибраев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2015-жылдан бери Терек-Сай кенинде 25 миң метр жерде чалгындоо иштери жасалды.
"1970-жылдары Терек-Сайдын аймагында изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен алтын бар экени аныкталган. 2002-жылдан 2015-жылга чейин "Кыргыз алтын" ишканасы өзү кенди иштетип, 13 жылда эки тоннадан ашык алтын өндүргөн. Учурда ал жерде ири алтын чыгаруучу фабрика курулду. Ишкана жылына миллион тонна руда иштетет. "Эти Бакыр Терек-Сай" компаниясы 2015-жылдан бери Терек-Сай кенинде 25 миң метр чалгындоо иштерин жасады. Чаткалдын Терек-Сай айылындагы Перевальное, Терек, Тереккандагы кендерде 36 тонна алтындын запасы бар. Анын 33 тоннасы эксплуатациялык алтын запасы деп эсептелди. Буга чейин фабрика жок болгондуктан "Кыргыз алтын" концентратты чет өлкөдө иштетип келген. Эми Кара-Балтадагы аффинаж заводунда таза алтын өндүрүлөт", — деди Ибраев.
Ошондой эле адис Терек-Сайдагы алтын чыгаруучу фабрика экологияны эске алып, бардык эрежелерди сактоо менен курулгандыгын кошумчалады.