Саламаттык сактоо министрлигинин негизги максаты адамдарга кызмат көрсөтүү болуп эсептелет. Андыктан санариптик маалыматтык системалар иштелип чыгууда. Бул тууралуу Чыңгыз Бексултанов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, үч айдын ичинде "Мектеп медицинасы – IT бейтапкана" системасы иштелип бүтөт.
"Саламаттык сактоо тармагында акыркы бир жылдын ичинде 10дон ашык маалыматтык система жасалды. Алсак, так статистикалык маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн "COVID-19га каршы эмделген адамдардын бирдиктүү реестри" киргизилди. Учурда ага үч миллионго жакын адам катталып, бир миллиондон ашык киши эмдөө сертификатын алды. Андан тышкары, ILAB лабораториялык маалымат системасы Бишкектеги бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна, коронавируска каршы ПЦР анализ жасаган лабораторияларга киргизилди. Аталган система диагностикалык жана клиникалык изилдөөлөргө катышкан бардык лабораториялардын ишин автоматташтырат. Ошондой эле калк лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгын онлайн форматта ilab.med.kg сайтынан ала алат. Учурда система пилоттук түрдө ишке ашырылууда. Ал эми ооруканалар үчүн борборлоштурулган электрондук медициналык карта (оорунун тарыхы, форма 003/y) Улуттук госпиталь менен темир жол ооруканасына пилоттук негизде ишке киргизилди. Апрелден тарта туулгандыгы, өлгөндүгү жана перинаталдык өлүмү тууралуу күбөлүк электрондук түрдө бериле баштайт. Мисалы, бала төрөлсө электрондук күбөлүк жасалып, ЗАГСка берилет да ата-эне электрондук кызмат алуу мамлекеттик порталынан күбөлүктү буйрутма кыла алат. Ал эми портал электрондук күбөлүктү жөнөтөт. Ошондой эле психологиялык жана наркологиялык жактан жабыркаган адамдардын реестри түзүлдү. Жакынкы үч айдын ичинде "Мектеп медицинасы – IT бейтапкана" системасы иштелип бүтөт. Ал жерге балдардын ден соолугу тууралуу бардык маалыматтар жайгаштырылат", — деди Бексултанов.
Ал жаңы системаларды толук ишке киргизүүгө саламаттык сактоо тармагында иштеген адамдардын компьютерди колдоно билүү деңгээлинин төмөндүгү жана техниканын жетишсиздиги тоскоолдук жаратып жатканын кошумчалады.