БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Россия 9-апрелден тарта 50дөн ашык мамлекет менен авиабайланышты жандантат. Бул тууралуу РФтин өкмөт башчысы Михаил Мишустин билдиргенин РИА Новости жазды.
Билдирмеге караганда, Россия коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөнү 52 мамлекет менен авиакаттамга толугу менен алмакчы.
"9-апрелден тарта коронавируска байланыштуу Россия жана башка мамлекеттердин ортосундагы авиабайланышка коюлган чектөөнү алабыз. Эми биз Аргентина, Индия, Кытай, Түштүк Африка Республикасын кошкондо 52 мамлекет менен авиакаттамды жандантабыз", — деди РФ премьери.
Авиабайланыш жандана турган мамлекеттер:
1.
Алжир;2.
Аргентина;3.
Афганистан;4.
Бахрейн;5.
Босния жана Герцеговина;6.
Ботсвана;7.
Бразилия;8.
Венесуэла;9.
Вьетнам;10.
Гонконг;11.
Египет;12.
Зимбабве;13.
Израиль;14.
Индия;15.
Индонезия;16.
Иордания;17.
Ирак;18.
Кения;19.
Кытай;20.
Түндүк Корея;21.
Коста-Рика;22.
Кувейт;23.
Ливан;24.
Лесото;25.
Маврикий;26.
Мадагаскар;27.
Малайзия;28.
Мальдив аралдары;29.
Марокко;30.
Мозамбик;31.
Молдова;32.
Монголия;33.
Мьянма;34.
Намибия;35.
Оман;36.
Пакистан;37.
Перу;38.
Сауд Аравиясы;39.
Сейшел аралдары;40.
Сербия;41.
Сирия;42.
Таиланд;43.
Танзания;44.
Тунис;45.
Түркия;46.
Уругвай;47.
Фиджи;48.
Филиппин;49.
Шри-Ланка;50.
Эфиопия;51.
Түштүк Африка;52.
Ямайка.