Зулушев: министр Бейшеналиевдин этикасы боюнча өкмөткө эки ирет сунуш бердик

Башкы прокурор кызматтагы адам сөзсүз түрдө этиканы сакташы керек деген пикирин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Башкы прокурор Курманкул Зулушев саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кыймыл-аракетине карата бир эскертүү, өкмөт башчыга эки ирет сунуш бергенин айтты.
"Министрге чара көрүп жатабыз. Таластыктар боюнча айткан сөзү үчүн өзүнө эскертүү бердик. Ал эми ооруканага (Исманкуловдун клиникасына — ред.) барып алып сүйлөгөн сөздөрү, кызматтык этиканы бузганы боюнча министрлер кабинетине сунуш бердик. Андан кийин органдарга карата айтканы боюнча тартиптик чара көрүү боюнча да сунуш бердик. Кызматтагы адам сөзсүз түрдө этиканы сакташы керек", — деди Зулушев.
Ошондой эле ал министрлер кабинетинин төрагасы бул боюнча кийинки жумада карап жообун берет деген пикирин билдирди.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев элдин колдоосуна муктаж экенин айтып чыкты