Нарында сугат суу менен камсыздоону калыбына келтирүү иштери башталат

Теке-Секирик жарчасынан сугатка суу алып түшүү үчүн 400 миң сом керек экени эсептелген.
Sputnik
НАРЫН, 6-апр. — Sputnik. Нарын шаарынын РТС аймагындагы сугат суу маселесин чечүү үчүн Теке-Секириктен түшкөн сууну жоготуусуз тартып келүү долбоору ишке ашат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
1 / 3

Нарын шаарынын РТС аймагындагы сугат суу маселесин чечүү үчүн Теке-Секириктен түшкөн сууну жоготуусуз тартып келүү долбоору ишке ашат.

2 / 3

Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев тийиштүү тараптар менен бирге аталган аймакка барып, маселе менен жеринде таанышып, тийиштүү жетекчилерге сугат сууну жоготуусуз алып келүү боюнча пландалган ишти ишке ашырууну ылдамдатууну тапшырды

3 / 3

Теке-Секирик жарчасынан сугат суу алып түшүү үчүн керектүү жабдууларды сатып алуу жана башка жумуштарды аткарууга 400 миң сом жумшалары эсептелип, каражат булагы табылган.

Маалым болгондой, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев тийиштүү тараптар менен бирге аталган аймакка барып, маселе менен жеринде таанышып, тийиштүү жетекчилерге сугат сууну жоготуусуз алып келүү боюнча пландалган ишти ишке ашырууну ылдамдатууну тапшырды.
Теке-Секирик жарчасынан сугат суу алып түшүү үчүн керектүү жабдууларды сатып алуу жана башка жумуштарды аткарууга 400 миң сом жумшалары эсептелип, каражат булагы табылган. Акча аймактагы жеке инвестор тарабынан бөлүнүп берилмекчи.
Маалымат үчүн айта кетсек, РТС аймагындагы Теке-Секирик жарчасынан сугат суу алуу 2012-жылдан бери токтоп турган.
Садыр Жапаров Нарынга барып, аймактын сугат мезгилине даярдыгын көрдү