Кыргызстандык таланттуу өспүрүм Кремлдин сахнасында ырдайт

Кыргызстандык кыз "Орто Азия романсиадасынын" жеңүүчүсү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. 12 жаштагы Сафина Самиева Россиядагы Кремль сарайынын башкы сахнасында ырдайт. Бул тууралуу Россотрудничество агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кабарлады.
9-апрелде балдар чыгармачылыгына арналган "Россиянын жана дүйнөнүн жаш таланттары" деп аталган концерт болот. Анын алкагында таланттуу кичүү муундар — "Романсиада үмүтү" деп аталган балдардын эл аралык конкурсунун лауреаттары, сейрек кездешкен үндүн ээси болгон балдар эл алдына чыгат.
12 жаштагы Сафина Самиева Россиядагы Кремль сарайынын башкы сахнасында ырдайт
Концертти Россиянын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Россиянын эмгек сиңирген артисти, романсиаданын жаш аткаруучуларынын Москва эл аралык "Романсиада" сынагынын көркөм жетекчиси Галина Преображенская уюштуруп жана алып барат.
Сафина Самиева Кара-Балта шаарындагы балдардын музыкалык мектебинде эмгектенген. Кыргызстандын маданиятка эмгеги сиңген ишмери, педагог Тамара Рублинскаянын тарбиялануучусу.
Орус романстарынын "Орто Азия романсиада" деп аталган 2021-жылдагы эл аралык конкурсунун аткаруучуларынын "Романсиада үмүтү" номинациясынын жеңүүчүсү. 2021-жылы Россотрудничество уюштурган "Карусель" деп аталган балдардын музыкалык фестивалында да мыктылардын катарына кирген.
Ал Холдинг "АРС" менен Игорь Крутойдун академиясы уюштурган "Детская Новая Волна" деп аталган сынактын тандоо туруна да чакырылган.
Кремлде жаңырган комуз менен балалайка элдин жүрөгүн балкытты. Видео