УКМК жеке медициналык лабораториядан коррупциялык иштерди аныктады

Кылмыш иши козголгондон кийин компаниянын кеңсесинде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. УКМК "Е" медициналык жеке лабораториянын ишмердүүлүгүнөн коррупциялык иштерди аныктады. Бул тууралуу ведомство билдирди.
Маалыматка караганда, аталган компания саламаттык сактоо уюмдарында биоматериалдарды кабыл алуу пунктуларын жайгаштыруу боюнча артыкчылыктуу укуктарды алуу максатында жетекчилерине жогоруда аталган лабораторияда гана изилдөөлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн акча каражатын системалуу түрдө берип турганы аныкталган.
Факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, анын алкагында аталган ишкананын кызматтык имаратында тинтүү жүргүзүлгөн. Натыйжада финансылык документтер, анын ичинде маркетингдин мыйзамсыз ыкмаларын жана өз кызыкчылыктарын илгерилетүү үчүн медициналык кызматкерлерге накталай акча каражатын төлөө менен абийирсиз атаандаштыктын колдонулушун тастыктаган кош бухгалтерия алынган.
"Жогорудагы мыйзамсыз аракеттер өлкөнүн бюджетине салыктарды төлөөдөн качуу фактыларын да күбөлөндүрүп, ошондой эле көрсөтүлгөн кызматтардын баасын негизсиз жогорулатууга алып келет", — деп айтылат маалыматта.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган ишкананын жетекчиси Я.С. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда тергөө мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасын аныктоодо.
УКМК: Ошто баңгизат сатууга аракет кылган делип подполковник кармалды