БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кумтөр кенинин тегерегиндеги талаш-тартышты жөнгө салуу боюнча келишимге кол коюлганына байланыштуу Бишкекте аккредитацияланган дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү үчүн брифинг өткөнүн Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жана юстиция министри Аяз Баетов брифингдин катышуучуларына эки тараптын милдеттенмелери жана макулдашууга ылайык маселени чечүүнүн шарттары тууралуу маалымат беришти.
“Чакырылгандардын ичинен чыгып сүйлөгөндөр тараптардын биргелешкен аракеттери менен жетишилген макулдашууну колдоого алышты”, — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, 4-апрель күнү президент Садыр Жапаров түз эфир аркылуу кайрылуу жасап, Кумтөр кени толугу менен Кыргызстандын карамагына өткөнүн жар салган.
Тараптардын ортосундагы келишимде төмөнкү шарттар каралган:
Мындан ары Кумтөр кени толугу менен Кыргызстанга таандык, башкача айтканда, "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын 100 пайыз акциясы республикабызга тиешелүү;
Тышкы башкаруу киргизилген 2021-жылдын 15-майынан берки бардык таза кирешелер — 323 миллион доллардан ашык каражат Кыргызстандын менчиги экендигин расмий түрдө таанытканга мажбурладык;
Centerra бизге өткөн жылдын үч кварталы үчүн дивиденддерди төлөп бермей болду, анын көлөмү болжол менен 11 миллион долларды түзөт;
Centerra кыргыз тарапка 50 миллион доллар өлчөмүндөгү бир жолку төлөмдү да төлөп берет;
Кумтөр кенин рекультивациялоо фондуна карата көзөмөлдү толук өзүбүзгө кайтарып алдык, бизге 53 миллион доллар келет. Бул каражат мурда Лондон банкынын трасттык эсебинде сакталып келген;
Centerra 2021-жылдын май айындагы алып кете албай калган алтындын партиясы үчүн 29 миллион долларды төлөп берүү боюнча койгон талабынан баш тартты;
Centerra АКШда, Швецияда жана Канадада кыргыз тарапка каршы козголгон бардык соттук териштирүүлөрдү жана дооматтарды токтотмой болду;
"Кыргыз алтын" ачык акционердик коому Centerra компаниясындагы 26 пайыз үлүшүн өзүнө өткөрүп алат. Ошол эле учурда Centerra аталган акциялар пакетине укуктарды өткөрүп берүүгө байланыштуу Канаданын мыйзамдарына ылайык бардык салык төлөмдөрүн өз эсебинен жабат.
Жапаровдун кайрылуусунан киийн Centerra Gold Inc. Кыргызстандагы "Кыргыз алтын" ишканасындагы бизнес-активдерин сатууга макулдук бергендигин жана өлкөдөн кетерин жарыя кылган.