Чет элдик IT-адистерге шарттар жеңилдетилсин! Жапаров документке кол койду

Документтин максаты — өлкөгө IT тармагында иштеген заманбап, чыгармачыл, жогорку квалификациялуу адистерди, инвесторлорду жана ишкерлерди тартуу.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "санариптик көчмөндөр" үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча тескемеге кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдирди.
Документтин максаты — Кыргызстанга маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө иштеген заманбап, чыгармачыл, жогорку квалификациялуу адистерди, инвесторлорду жана ишкерлерди тартуу экени айтылат. Ошондой эле жаңы ишканаларды ачуу, инновациялык долбоорлорду жана экономиканын жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүү болуп саналат.
Министрлер кабинетине тапшырмалар:
маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө квалификациясы бар жана программалык продуктуларды иштеп чыгуу чөйрөсүндө иштеген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн каттоонун жөнөкөйлөтүлгөн тартибин иштеп чыгуу, анын ичинде онлайн-арыз берүүнү караштыруу;
Кыргызстанга келген, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана программалык продуктуларды иштеп чыгуу чөйрөсүндө иштеген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга консультациялык жардам көрсөтүү боюнча бирдиктүү маалыматтык веб-порталды уюштуруу;
"Бишкек" эркин-экономикалык аймагынын жана Жогорку технологиялар паркынын аянтчасында маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө чет өлкөлүк компанияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселесин иштеп чыгуу;
жогорудагыдай талаптарга жооп берген чет элдиктерге виза берүү жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү.
Садыр Жапаров 105 миң үйдү мыйзамдаштыруу жөнүндөгү мыйзамга кол койду