Зулушев ЖК менен өкмөттү иш кагаздарын кыргыз тилинде гана жазууга чакырды

Прокуратура системасында иш кагаздарынын 90 пайызы мамлекеттик тилде жүргүзүлүп калганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Башкы прокурор Курманкул Зулушев депутаттар менен аткаминерлерди иш кагаздарын мамлекеттик тилде гана жүргүзүүгө чакырды.
Бүгүн ал парламентте Башкы прокуратуранын отчетун берип жатат.
Жыйында депутат Нурлан Шакиев "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзам толук аткарылбай жатканын белгиледи. Өзгөчө мамлекеттик органдардын жетекчилери иш кагаздарын расмий тилде гана колдонуп, мамлекетик тил экинчи орунга сүрүлүп калган учурлар кездешерин айтты. Мындан улам ушул багытта иш алып барууну сунуштады.
"Прокуратура системасында иш кагаздарынын 90 пайызы кыргыз тилинде болуп калды. Себеби өкмөттөн, башка органдардан кагаздар расмий тилде келет. Ошолордун баарына биз мамлекеттик тилде жооп берип жатабыз. Сиздерге да отчетту мамлекеттик тилде бердик, эгер расмий тилде да жазсак, дагы 200 баракка басып чыгыш керек эле", — деди Зулушев.
Ошондой эле башкы прокурор аткаруу бийлиги бул көйгөйдөн чыга албай жатканын белгиледи.
"Жогорку Кеңеш, өкмөт мыйзам долбоорлорун эки тилде чыгарасыздар. Бул, биринчиден, мамлекетке чыгым, экинчиден, тил мыйзамын бузгандык болуп эсептелет. Мен өздөрүңүздөрдөн баштасаңар деп суранат элем, мыйзамдардын баарын мамлекеттик тилде алып чыгып карасаңыздар. Башкаларга үлгү болот эле да. Тилекке каршы, укук коргоо органдары, аткаруу бийлиги бул көйгөйдөн чыга албай жатат", — деди башкы прокурор.
Ал быйыл мамлекеттик тилдин колдонулушу боюнча текшерүү жүргүзүүнү пландап жатканын кошумчалады.
Зулушев: министр Бейшеналиевдин этикасы боюнча өкмөткө эки ирет сунуш бердик