БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков "Кумтөр голд компани" жергиликтүү компаниялар менен азыраак иштешип, чет элдик компанияларга артыкчылык берип жатканын билдирди.
Анын айтымында, мурда Centerra кыргызстандык компанияларды жалдап иштетчү, азыр тендерлерди Казакстандан, Монголиядан, Түркиядан уткандар көбүрөөк болуп жатат.
"Өзүбүздүн ата мекендик өндүрүүчүлөргө артыкчылык берсек. Теңиз Бөлтүрүктөн суранат элем, ушул багытты адилеттүү караса. Эгер башкалар тендерден ута берсе, акча дагы деле чет өлкөгө кете берет. Ушуга дагы маани берсе", — деди Кадырбеков.
Мындан сырткары, депутат Кумтөрдөн башка дагы 12 чоң алтын кениндеги Кыргызстандын үлүшүн 30-40 пайызга чыгаруу керектигин айтты.