IT тармагынын кайсы адистери канча каражат таап жатат. Иликтөө

IT тармагынын айлыгы анын адистикке жараша болору белгиленет. Иликтөөчүлөр маалыматтык технологиялар жаатындагы 45 кызматты анализдеп чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Учурда IT-адистери айына канча каражат таап жатканын РИА Новости "Работа.ру" деп аталган жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо сервисинин иликтөөсүнүн жыйынтыгына таянып жазды.
IT тармагынын айлыгы анын адистигине жараша болору белгиленет. "Работа.ру" маалыматтык технологиялар жаатындагы 45 кызматты анализдеп чыккан.
Натыйжада Россияда Data-инженерлер айына орточо 230 миң рубль таба турганы белгилүү болгон. Мында адистер маалыматтардын базасын түзүүнүн принциптерин аныкташат.
Ал эми иштеп чыгуучулардын орточо 218 миң рубль таба турганы аныкталган.
Мындан сырткары, тестирлөөчүлөр 210 миң рубль, техникалык директорлор 183 миң рубль, Data science-адистери 173 миң рубль алары айтылат.
2022-жылы март айынын жыйынтыгы боюнча, IT тармагындагы компаниялар былтыркыга салыштырмалуу вакансияларды 24 пайызга көбүрөөк жарыялаган. Ошондой эле 2021-жылга салыштырмалуу резюмелер 8 пайызга көбүрөөк жөнөтүлгөн.
Радио
Баканов: россиялык эки чоң IT-компания келип презентация өткөрдү