Грецияда активисттер НАТОнун техникасын Украинага ташууга каршы митингге чыгышты

Демонстранттар "НАТОдогу адам өлтүргүчтөр, үйүңөргө баргыла" деген плакаттарды көтөрүп чыгышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Грецияда активисттер НАТОнун аскердик техникасын Украинанын чек арасына жеткирүүгө каршы акция уюштуруп, темир жолду тосуп алышты.
Russia Today Telegram каналынын жазганына караганда, демонстранттар Румыния менен Польша тарапка ок өтпөс техника ташып бара жаткан курамдын жолун тоскон. Гректер "НАТОдогу адам өлтүргүчтөр, үйүңөргө баргыла" деген плакаттарды көтөрүп чыгышкан.
Буга чейин митингдер Европанын башка шаарларында дагы өткөн.
Лондондо газ менен электр энергиянын кымбатташына каршы митинг өттү. Видео