Улуттук банк доллар эмнеге кымбаттап жатканын түшүндүрдү

Ушу тапта АКШ валютасы орточо 93,63 сомдон сатып алынып, 94,61 сомдон сатылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Доллардын баасынын өсүшүнө психологиялык фактор таасир этип жатканын Улуттук банк билдирди.
Ушу тапта АКШ валютасы орточо 93,63 сомдон сатып алынып, 94,61 сомдон сатылууда.
Башкы банк сомдун курсу ички рыноктогу чет элдик валютага болгон суроо-талапка жараша калыптанарын эске салды.
"Азыркы тапта ички валюта рыногунда долларга болгон суроо-талап сунуштан көп болуп жатат. Аны көбүнесе психологиялык факторлор шарттоодо", — деп айтылат маалыматта.
Улуттук банк, мындан тышкары, абалга жана негизги соода өнөктөштөрдөгү кырдаалга көз салып жатканын белгиледи. Зарылдык жаралса курсту турукташтыруу үчүн интервенция жасоого даяр. 5-апрелге карата өлкөнүн алтын-валюта резерви 2 миллиард 626 миллион долларды түзөт.
Улуттук банк валютанын курсу күндүн соңунда кантип аныкталарын түшүндүрдү