Көлдөгү Раппопорт аллеясы. Жергиликтүү бийлик 250 кайыңдын көчөтүн отургузду

Бул жерди өзгөчө жайга айлантуу үчүн атайын долбоор даярдалган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Чолпон-Ата шаары менен Бостери айылынын ортосундагы жол жээгине (Раппопорт аллеясына) 250 кайыңдын көчөтү отургузулду.
1 / 3

Чолпон-Ата шаары менен Бостери айылынын ортосундагы жол жээгине (Раппопорт аллеясына) 250 кайыңдын көчөтү отургузулду

2 / 3

Белгилей кетсек, жергиликтүү бийлик Леонид Раппопорт атындагы аллеяны эс алуучу жана маданий иш-чараларды өткөрүүчү өзгөчө жайга айлантууну көздөп жатат

3 / 3

Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов көчөттөр дал ошол долбоорду ишке ашыруунун негизинде отургузулганын белгилеген

Белгилей кетсек, жергиликтүү бийлик Леонид Раппопорт атындагы аллеяны эс алуучу жана маданий иш-чараларды өткөрүүчү өзгөчө жайга айлантууну көздөп жатат.
Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов көчөттөр дал ошол долбоорду ишке ашыруунун негизинде отургузулганын белгилеген. Аллея Чолпон-Атадан башталып Бактуу-Долоноту айылына чейин созулуп, узундугу 1 400 метрге жетет.
Аким Бостери айылынын башчысына көчөттөрдүн өсүшүнө көз салып, ал жерди көзөмөлгө алуу тапшырмасын бергени кошумчаланды.
Радио
Мусаев: эми токойлорду коргоп, көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бөлүнөт