БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасында ок жеп каза болгон эки кыргызстандыктын сөөгүн өткөрүп берди. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Эске салсак, 6-апрелге караган түнү кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстандын эки жараны ок жеп көз жумган. Маалым болгондой, 5-апрель күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Дейрес айылында Кыргызстандын бир нече жараны контрабандалык жүктү Өзбекстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан. Аткезчилер өзбек чек арачыларынын талабына баш ийбей, ортодо чыр чыгып, натыйжада чек арачылар өз өмүрүн коргоо үчүн курал колдонгон. Башка аткезчилер Кыргызстандын аймагына качып кетүүгө үлгүрүшкөн.
"Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнүн макулдашуусуна ылайык, "жүк 200" кыргыз тарапка 5-апрель түнү саат 23.46да "Маданият-авто жол" өткөрүү жайы аркылуу өткөрүп берилди", — деп айтылат маалыматта.
Көз жумган кыргыз жарандарынын бири 38, экинчиси 31 жашта болгон.