БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Бишкектеги башаламан курулган курулуштарды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү.
Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңештин мэриянын ишине кийлигишкени мыйзамсыз экенин айтты. Эртең бирөө Конституциялык сотко берсе утуп аларын белгиледи.
Ал эми Искендер Матраимов учурда ЖКнын регламенти иштелип чыга электигин билдирип, аны кабыл алгандан кийин гана комиссия түзүүгө чакырды.
Көпкө созулган талаш-тартыштан кийин комиссия түзүү чечими кабыл алынып, анын курамына фракциялардан бирден жана Бишкек шаарынын төрт округунан шайланган депутаттар кирди.
"Ынтымак" фракциясы — Аида Исатбек кызы;
"Бүтүн Кыргызстан" — Исхак Масалиев;
"Ыйман нуру" — Венера Раимбачаева;
"Ата журт Кыргызстан" — Алишер Козуев;
"Ишеним" — Медер Аалиев;
"Альянс" — Азамат Исраилов;
Элдик топ — Тазабек Икрамов;
Октябрь шайлоо округу — Дастан Бекешев;
Биринчи май шайлоо округу — Элвира Сурабалдиева;
Ленин шайлоо округу — Жаныбек Абиров;
Свердлов шайлоо округу — Шайлообек Атазов.