Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Псаки: Россия акчасын толук сарптап же дефолт жарыялашы керек

Жен Псакинин пикиринде, санкциялар эмитен эле өз жемишин берип, "Россиянын финансылык системасын жарга такап койду".
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. АКШ санкциялар аркылуу Россияны дефолтко кептеп же калган валюта резервин толугу менен сарпташын каалап жатат. Бул тууралуу Ак үйдүн расмий өкүлү Жен Псаки брифинг учурунда билдирди.
"Россиянын акчалай ресурсу чексиз эмес, өзгөчө азыр биз киргизген катаал санкциялар менен экономикасы бир топ кыйналып жатат. Алар АКШ алдындагы карызына валюта резервиндеги доллардын калган запасын толугу менен төгүп бериши керек же дефолт жарыялашы зарыл. Биздин талап ушундай", — деди Псаки.
Ошондой эле расмий өкүл АКШ мындай жол менен Россиянын Украинадагы аракеттерин токтотуу үчүн ресурстарын түгөтүүнү көздөп жатканын айтты. Псакинин пикиринде, санкциялар эмитен эле өз жемишин берип, "Россиянын финансылык системасын жарга такап койду".
АКШлык адис Байдендин Украинага байланыштуу эң чоң катасын атады