Садыр Жапаров 105 миң үйдү мыйзамдаштыруу жөнүндөгү мыйзамга кол койду

Документке ылайык, мыйзамсыз курулуштар түшүрүлгөн 30 миң гектар жер мыйзамдаштырылат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Бул мыйзам 2022-жылдын 17-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Документтин максаты жер участокторуна мунапыс берүүнүн укуктук негиздерин, шарттарын жана тартибин аныктоо болуп саналат.
Мыйзам мамлекет тарабынан жерге болгон менчик укугун бекитүү маселесин жөнгө салмакчы.
Эске салсак, документке ылайык, мыйзамсыз курулуштар түшүрүлгөн 30 миң гектар жер мыйзамдаштырылат. Мунапыска Кыргызстан боюнча 105 миң үй жана 16 миң фундамент кирген. Анын ичинен 6 382 үй 44 жаңы конушка курулган (Бишкек). Учурда 3 589 үйдү мыйзамдаштырууга болот. Ал эми калган 2 793ү санитардык нормаларга жооп бербегендиктен каралууда.
Ошто мыйзамсыз менчиктелген 127 гектар жер мамлекетке кайтарылды