Ысык-Көлгө балыктын 5,3 миллион чабагы коё берилди. Сүрөттөр

Көлдүн экосистемасын сактоо үчүн мындай демилге салтка айланып калган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Ысык-Көл биосфералык аймагынын дирекциясы Жайыт, балык чарба департаменти, Тоң балык заводу жана Кара-Талаа айылынын тургундары менен биргеликте сиг-лудога жана "ысыккөл" форелинин чабагын коё беришти. Бул туурасында дирекция кабарлады.
1 / 3

Ысык-Көл биосфералык аймагынын дирекциясы Жайыт, балык чарба департаменти, Тоң балык заводу жана Кара-Талаа айылынын тургундары менен биргеликте сиг-лудога жана "ысыккөл" форелинин чабагын коё беришти

2 / 3

Сиг-лудога балыгынын 5 миллион, "ысыккөл" форелинин 300 миң чабагы сууга коё берилген

3 / 3

Жыл сайын белгилүү бир убакытта адистер Ысык-Көлгө балыктардын санын көбөйтүү үчүн миллиондогон чабактарды коё берет.

Ага ылайык, сиг-лудога балыгынын 5 миллион, "ысыккөл" форелинин 300 миң чабагы сууга коё берилген.

“Мындай демилге салтка айланып калды. Максаты — көлдүн суу бассейниндеги балык ресурсун толтуруу. Ушундай эле иш-чаралар менен балыктын эндемикалык түрлөрү, Кызыл китепке кирген — "ысыккөл" маринкасы, "ысыккөл" чабагы, карп, сазандар да көбөйтүлүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

Жыл сайын белгилүү бир убакытта адистер Ысык-Көлгө балыктардын санын көбөйтүү үчүн миллиондогон чабактарды коё берет. Себеби көлдүн балык запасын калыбына келтирүү жана экосистеманы сактоодо бул маанилүү ролду ойнойт.
Радио
Ниязов: былтыр Кыргызстан 5 миң тоннадай кубулжума форель экспорттоду