Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ Коргоо министрлиги: Украинанын атайын кызматы фейк видеолорду тарта баштады

Министрликтин маалыматына караганда, жалган кадрларды Батыш ЖМКлары аркылуу жайылтуу пландалган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Украинанын атайын кызматы бир катар шаарларда жаңы жасалма жана жалган видеолорду тартуу иштерин уюштурду. Бул тууралуу Россиянын коргоо министринин өкүлү Игорь Конашенков билдирди.
Анын айтымында, такталган маалыматтар боюнча, 4-апрель күнү Киевден 23 чакырым алыстыктагы Мощун калктуу конушунда украиналык атайын кызматтын өкүлдөрү россиялык жоокерлер жай тургундарды кыйнап өлтүргөнүн көрсөткөн жасалма видео тартышкан. Алар мындай кадрларды Батыш ЖМКлары аркылуу жайылтууну көздөшүүдө.
"Украинанын күч органдары мындай иш-чараларды Сумы, Конотоп жана башка шаарларда уюштурган", — деди ал.
Эске салсак, буга чейин Украинанын бийлиги Бучадагы жай тургундардын сөөгү тартылган видеону жарыялап, адам өлүмүнө россиялык аскерлерди айыпташкан. Владимир Зеленский муну "геноцид" катары баалаган.
Ал эми Россиянын Коргоо министрлиги Бучада тартылган кадрды "кезектеги провокация" деп атады. Аскер ведомствосу РФ Куралдуу күчтөрү бул аймакты көзөмөлдөп жаткан кезде бир дагы жай тургун жабыр тартпаганын белгилеген. Ошондой эле россиялык аскер бөлүктөр Бучадан 30-мартта эле толугу менен чыгып кеткени кошумчаланган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Небензя Бучадагы чагымчылык туурасында далилдерди айтты