БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. УКМК канча аткаминер жана депутат кош жарандуулук менен жасалма диплом алууга шектелип жатканын кабарлады.
Материалдар боюнча төмөнкүлөр текшерилип жатат:
Жогорку Кеңештин учурдагы үч, мурдагы эки депутаты, ошондой эле ЖК депутаттыгына 9 талапкер;
Бир министр;
Шаардык кеңештин үч жана айылдык кеңештин тогуз депутаты;
Бир учурдагы, бир экс-судья;
Президенттин облустагы өкүлү жана орун басары;
Эки мэр, бир экс-мэр, эки вице-мэр.
Мындан сырткары, дагы бир катар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер бар.
“Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн жыйынтыгында 40 адам өз ыктыяры менен кызматтан кетип, эки айылдык кеңештин депутаты мандатын тапшырды. Ал эми 28 мамлекеттик кызматкердин чет өлкөнүн жарандыгы бар деген маалымат текшерилип жатат”, — деп айтылат билдирүүдө.
Жалпысынан 20 кылмыш иши иликтенип, 52 материалга сотко чейинки текшерүү, 141 материалга алгачкы текшерүү жүрүп жатканы айтылды.
Эске салсак, 20-январда БШК Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованы депутаттык мандатынан ажыраткан. Шайлоо органынын версиясы боюнча, Нарматова Жалал-Абад университетинин дипломун мыйзамсыз алган.
Андан соң президент Садыр Жапаров жасалма диплом жана кош жарандуулукту текшерүү боюнча УКМКга тапшырма берген.