"Украинадагы атайын операция учурунда биз тараптан 20 ирет атуу болду. Ар кыл типтеги пилотсуз 11 учак атып түшүрүлдү, анын ичинде "Байрактар" бар", — деди "Тор" комплексинин командири.
Кечээ Коргоо министрлигинин атайын өкүлү Игорь Конашенков атайын операция учурунда россиялык бөлүктөр баш-аягы украиналык 400гө чукул дрондорду атып түшүргөнүн айткан.
Россия 24-февралдан тарта Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операцияны баштаган. Президент Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген.
Россиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирип келет. Кырдаал боюнча россиялык армия биринчи этаптагы негизги милдетин аткарды — Украинанын согуштук дараметин бир топ алсыратты. Россиянын коргонуу боюнча ведомствосу операциянын башкы максаты Донбассты бошотуу болгондугун айткан.
Тема боюнча: