"Эти Бакыр Терексай" тоо-кен ишканасын түркиялык "Эти Бакыр" компаниясы толук каржылап, жалпы 230 миллион АКШ доллар инвестиция салды. Бул тууралуу Айзада Мамбеткул кызы Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Чаткалдын Терек-Сай айылындагы Перевальное, Терек жана Тереккандагы кендеринин капиталынын 75 пайызы "Эти Бакыр" компаниясына, 25 пайызы "Кыргыз алтын" ачык акционердик коомуна тиешелүү.
"Терек-Сай кени Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылында жайгашкан. "Эти Бакыр Терексай" ЖЧКсы — биргелешкен ишкана, капиталынын 25 пайызы "Кыргыз алтын" ААКсына, 75 пайызы "Эти Бакыр" түрк компаниясына тиешелүү. "Эти Бакыр" компаниясы түркиялык Cengiz Holding конгломератына карайт. Ал тоо-кен иштетүү, энергетика, курулуш, туризм тармактарында ири долбоорлорду ишке ашырып келет. "Эти Бакыр Терексай" ЖЧКсы 2015-жылы Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, 2018-жылдан тарта курулуш иштерин жүргүзүп келди. Ушул жылдын май айында алтын кен ишканасы ишин баштоо алдында турат. Алтын фабрикасын түркиялык "Эти Бакыр" компаниясы толук каржылап, жалпы 230 миллион доллар инвестиция салды", — деди Мамбеткул кызы.
Ошондой эле адис Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрикада учурда 1 127 адам иш менен камсыз болуп, анын 235ин чет элдик адистер, 628ин кыргызстандыктар түзөрүн кошумчалады.