Сүннөттө көз жумган бөбөк: министрлик баланын өлүмүнө эмне себеп болгонун айтты

Маалыматка ылайык, наристе мурда айтылып жаткандай кансырап эмес, жүрөгү токтоп калгандыктан өмүрү менен кош айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Сүннөткө отургузгандан кийин чарчап калган жети жаштагы баланын өлүмү боюнча Саламаттык сактоо министрлиги комментарий берди.
Маалыматка ылайык, наристе мурда айтылып жаткандай кансырап эмес, жүрөгү токтоп калгандыктан өмүрү менен кош айтышкан.
"Бала кансырап каза болгон жок. Анын өлүмүнө наркоз учурунда жүрөгүнүн капысынан токтоп калышы себеп болгон", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар Бишкектин Октябрь райондук милициясына шилтеме берип, жети жашар бала сүннөткө отургузгандан кийин ооруканада чарчап калганын жазышкан.
Анда айтылгандай, 2-апрель күнү милицияга Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын хирургия бөлүмүндө наристенин чарчап калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ошондой эле буга чейин ал Улуттук госпиталда жергиликтүү наркоз менен сүннөткө отургузулганы белгилүү болгон. Бала Платтер синдромуна кабылып, кан көп кетип калганы кабарланган.
Милиция фактыны каттого алып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөө иштери уланууда.
Уролог: сүннөттөн жабыркаган баланын интимдик жашоосу трагедияга айланышы мүмкүн