Кыргызстанга Россиядан дипломатиялык жүк жөнөтүлдү

Буга чейин КР менен Роспотребнадзор келишимге кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Бишкекке дипломатиялык жүк жөнөттү. Бул тууралуу дипөкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.
Россия коронавирус илдетине 180 миң изилдөө жүргүзүү үчүн реагенттерди берип жиберген.
Келишимге КРдин элчилиги менен Роспотребнадзорго караштуу "Эпидемиологияны илимий-изилдөө борбордук институту" Федералдык бюджеттик илимий мекемесинин ортосунда кол коюлган.