Путин глобалдуу азык-түлүк рыногундагы абал оорлошуп жатканын билдирди

Россия лидери мындан эки жыл мурда эле азык-түлүк рыногундагы кырдаал начарлай баштаганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Батыштын катасынан, киргизген санкцияларынан улам соңку убакта глобалдуу азык-түлүк рыногундагы абал оорлошуп кетти. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин агро өнөр жай комплексинин кеңешмесинде билдиргенин РИА Новости жазды.

“Сиздер билгендей, глобалдуу азык-түлүк рыногундагы абал соңку эки жылдан бери оорлошкону байкалып турган. Дал ушул соңку эки жылдыкта. Өнүккөн өлкөлөрдүн экономикалык, энергетикалык, азык-түлүк саясаты мындан эки жыл мурда эле тамак-аштын бааларынын көтөрүлүшүнө алып келген. Ал эми соңку жумалардагы кырдаал ого бетер курчуп жатат”, — деди РФ президенти.

Ошондой эле Путин дүйнөдөгү азык-түлүк запасы азайган учурда жаңы санкциялар киргизилип жатканын белгиледи.
“Ишканалардын ишине жана Россия менен Беларустан жер семирткич ташууга бөгөт коюлууда. Ал эми Батыштын өзүндө жаратылыш газынын баасы асман чапчыганына байланыштуу жер семирткич өндүрүү солгундап жатат. Бул биздин Батыштагы өнөктөштөрдүн ишинин натыйжасы”, — деди ал.
Белгилей кетсек, Россия азык-түлүк менен өзүн толук камсыздап келери айтылган.
Адис глобалдык кризис жакындап келе жатканын эскертти