БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагындагы менчикке мыйзамсыз берилип кеткен 12 млн. 450 миң сомдук жер тилке кайрадан муниципалдык менчиктин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлады.
Сөз болуп жаткан жерди мэрия 15 жыл мурда "адалдап" жибергени айтылды.
"Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында жайгашкан баасы 12 миллион 450 миң сомду түзгөн жер тилкесин мэриянын 2007-жылы Б.А. аттуу жаранга мыйзамсыз бергендиги аныкталды. Аталган социалдык жерди кайтаруу боюнча Ош шаардык прокуратурасы мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө мэрияга талап келтирип, жогоруда көрсөтүлгөн жер тилке муниципалдык менчиктин балансына алынды", — деп билдирди.
Маалымат кызматы бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын айтты.
Аталган иш Ош шаардык прокуратурасы тарабынан социалдык багыттагы жерлер жана имараттардын мыйзамсыз берилип кеткендиги боюнча жүргүзүлүп жаткан текшерүүнүн алкагында аныкталган.