Радио

Мурсаева: Бишкекте 1-класска электрондук каттоо 11-апрелде башталат

Бишкек мериясынын Билим берүү башкармалыгынын башталгыч класстар боюнча жетектөөчү адиси Айнура Мурсаева борбор калаада 2022-2023-окуу жылына карата биринчи класстарды кабыл алуу шарттары тууралуу айтып берди.
Sputnik
11-апрелден тарта юридикалык жашаган жери боюнча балдарды биринчи класска киргизүү үчүн электрондук каттоо башталат. Ал эми 27-июндан баштап жашаган жери боюнча жүргүзүлөт. Бул тууралуу Айнура Мурсаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, электрондук каттоо сайты аркылуу жүргүзүлөт.

"2022-2023-окуу жылына карата балдарды биринчи класска киргизүү үчүн электрондук каттоо Бишкекте 11-апрелден 27-июнга чейин юридикалык жашаган жери боюнча башталат. Ал эми 27-июндан 10-августка чейин жашаган жери боюнча жүргүзүлөт. Баланын жеке идентифкациялык номери жок каттоо жүрбөйт. Ошондуктан ата-энелер же алардын мыйзамдуу өкүлдөрү мына ушул убакытка чейин калкты тейлөө борборлоруна кайрылып тийиштүү документтерди (паспорт, баланын туулгандыгы тууралуу күбүлүгүн, баланын жеке идентифкациялык номерин) камдап коюшу керек. 11-апрель саат 9:00дөн тартып сайты аркылуу катталат. Ал үчүн негизги жана кошумча эки электрондук почта колдонулат. Ата-эне же мыйзамдуу өкүл пароль/логинин жоготуп алса кошумча почта аркылуу калыбына келтире алат", — деди Мурсаева.

Ошондой эле ал кайрылмандар, мугалимдер жана аскер кызматкерлерине жеңилдиктер каралганын кошумчалады.