КР эл артисти Марат Алышпаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду

Марат Алышпаев 4-апрелде дүйнө салган. Быйыл ал 75 жашка чыкмак.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. КР эл артисти Марат Алышпаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
1 / 4

КР эл артисти Марат Алышпаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду

2 / 4

Белгилүү актёр менен коштошуу зыйнаты Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү

3 / 4

Эске салсак, Марат Алышпаев 4-апрелде дүйнө салган

4 / 4

Быйыл ал 75 жашка чыкмак.

Эске салсак, Марат Алышпаев 4-апрелде дүйнө салган. Быйыл ал 75 жашка чыкмак.
Белгилүү актёр менен коштошуу зыйнаты Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү.
Марат Алышпаев 1947-жылы 17-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында туулуп, элеттеги мектепти 1965-жылы аяктагандан кийин Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетине тапшырган. Ортодон Москвадагы театралдык институтуна сынак аркылуу өтүп кеткен.
Таланттуу актёр Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук куудулдар театрын негиздеп, 2003-жылы Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын директору, Маданият жана маалымат министрлигинин Искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенген.
Кыргыз эл акыны Омор Султановдун сөөгү жерге берилди