Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров Украинанын айланасындагы абал боюнча бир нече билдирүү жасады

Россия украиналык аскерлердин кылмыштары кесепетсиз калбастыгын, анын айтканы фейкке эмес, фактыга таянгандыгын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Россия Украина сүйлөшүүлөрдө алыстагы кеңешчилердин сөзүнө кулак төшөбөстөн, өзүнүн кызыкчылыгын жогору коет деген ишенимде экендигин ТИМ жетекчиси Сергей Лавров айткандыгын РИА Новости жазды.

"Киев делегациясын ким жетектесе да айтылган сүйлөшүүлөрдө алыстагы кеңешчинин сөзүнө кулак салбай, өздөрүнүн, улуттун кызыкчылыгын, өз элинин кызыкчылыгын жогору коет деп ишенем", — деген Лавров Украина боюнча араб мамлекеттеринин лигасынын байланыш тобу менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Росссия ТИМи төмөнкүлөргө токтолду:
Россия Батыш менен ачык сүйлөшүүлөргө даяр, бирок алар өздөрүнүн "айбаттуу" экендигин көрсөткүсү келет;
Лавров Украина менен сүйлөшүүлөрдүн келечеги туурасында айтып жатып мүмкүнчүлүк ар дайым болорун, Москва анын баарын колдонууга, ишке ашырууга ниеттенип жатканын айтты;
АКШ президенти Жозеф Байдендин Россия лидери Владимир Путинди "аскердик кылмышкер" деп атаганы, америкалык саясатчылардын көбүнүн абийири "жакшы эместигин" көрсөттү деп белгиледи;
Россия украиналык аскерлердин кылмыштары кесепетсиз калбастыгын айтып, бул күнөөлөө фейкке эмес, фактыга таянгандыгын билдирди;
антироссиялык санкциялар дүйнө экономикасынын капталын өтө эле эңшерилтти.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Буча боюнча Коопсуздук кеңешти чакыруудагы РФтин экинчи аракети ордунан чыккан жок