Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кытай Бучадагы окуялар боюнча негизсиз айыптоодон карманууга чакырды

Пекин окуянын конкреттүү себептери текшерилип аныкталышы керек деген позицияда.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кытай Бучадагы окуялар боюнча негизсиз айыптоодон карманууга чакырат, баары текшерилиши керек, кине коюу үчүн фактылар менен тастыкталышы абзел. Бул тууралуу Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлү Чжан Цзюнь билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал Бучадагы жай тургундардын кырылышы тууралуу маалымат тынчсыздандырарын, бул жагдай жана окуянын конкреттүү себептери текшерилип аныкталышы керектигин белгиледи.
“Бардык айыптоолор фактыларга негизделиши зарыл. Корутунду чыкканга чейин тараптар кармана билип, негизсиз айыптоолордон оолак болушу керек”, — деди Кытайдын өкүлү.
Ошондой эле ал Украинадагы кырдаалга байланышкан гуманитардык маселелерди саясатташтырбоого чакырган.
Ал эми санкциялар көйгөйдү чечүүнүн эффективдүү чарасы болуп саналбай турганын, алар тек гана жаңы көйгөйлөрдү жаратарын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын БУУдагы өкүлү: аскерлер чыгып кеткенден кийин Бучада өлүк калган эмес