Кыргызстанда эне тилде мультсериалдар тартыла баштады

Режиссёр мультфильм жумасына бир жолу бир сериядан, май айынан тарта эки сериядан чыгып турарын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кыргызстанда кыргыз тилинде мультсериалдар тартылып жатат. Бул тууралуу режиссёр Айбек Дайырбеков соцтармак аркылуу билдирди.
"Сүйүнчү, достор! Былтыр анимациялык долбоор баштаганбыз. Кыргыз тилинде мультфильм аз болгондуктан, санаалаш достор биригип кичинекей балдар үчүн чакан окуяларды тартып жатабыз. Болгондо дагы бир убакта дароо үч мультсериал тартылууда. Эки долбоор 2D форматында, бирөөсү 3D форматында. Аларды тартуу ылдам бүткөндүктөн, башында жасалгандарды чыгара баштадык", — деп жазган Дайырбеков.
Режиссёр мультфильм жумасына бир жолу бир сериядан, май айынан тарта эки сериядан чыгып турарын белгилеген.
Радио
Бекболотов: каражаттын жетишсиздигинен улам мультфильмдер тартылбай жатат