Ким Чен Ындын карындашы Түштүк Кореяга өзөктүк куралы бар экенин эскертти

Ал аскердик конфронтация болсо Түндүк Кореянын согуштук өзөктүк күчтөрү "өз милдетин аткара турганын" айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон Түштүк Корея аскердик тирешүүгө барса өзөктүк курал колдонорун айтып коркутту. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Кореянын Эмгек партиясынын Борбордук комитетинин бөлүм башчысынын орун басары аскердик конфронтация болсо Түндүк Кореянын согуштук өзөктүк күчтөрү "өз милдетин аткара турганын" белгиледи.
Ошондой эле ал Түштүк Кореянын коргоо министринин Түндүк Кореяга карата алдын ала сокку уруу тууралуу билдирүүсүн "өтө чоң катачылык" деп атаган.
Буга чейин сөз болуп жаткан министр Со Ука Түштүк Корея таамай атуучу ракеталардын түрүнө ээ экенин жана сокку уруунун кесепети катуу болорун эскерткен. Анын бул сөздөрүн уккан Ким Ё Чжон министрди "таштанды" деп атаган.
Ким Чен Ын: Түндүк Корея чабуул койчу куралдарды жасоону улантат