Казакстан буудай менен унду экспорттоого чектөө киргизүүгө ниеттенип жатат

Министр экспортерлор баанын көтөрүлүшүн күтүп, продукциясын ички рынокко сатуудан баш тартып жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Казакстан бийлиги ички рынокту коргоо максатында буудай менен унду экспорттого убактылуу чектөө киргизүүгө ниеттенип жатат. Бул тууралуу Казакстандын айыл чарба министри Ербол Карашукеев Мажилисте өкмөттүк саат учурунда билдиргенин РИА Новости жазды.
"Буудай менен унду экспорттоого чектөө киргизүү маселеси каралып жатат", — деген министр.
Анын айтымында, мындай чара жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн буудайды тегирменчилерге сатуудан баш тартып жатышы менен байланыштуу.
"Россия дан азыктарын экспорттоого тыюу салган. Кырдаалды көзөмөлдөп жатабыз. Учурда бизде дан азыктары жетиштүү. Алар ички рынокко жетет… Ал эми экспортко орточо көлөмдө калат. Экспортерлер баанын көтөрүлүшүн күтүп продукциясын ички рынокко саткысы келбей жатат", — деген Карашукеев.
Министр чектөө качан киргизилерин так айткан эмес.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Радио
Жунушов: ун аткезчилик менен тышка чыкпаса тартыштык жаралбайт